Айыл чарба министрлиги алчаны багбандар үчүн эң кирешелүү өсүмдүктөрдүн бири деп атады
Сүрт: depositphotos.com
7 август

Айыл чарба министрлиги алчаны багбандар үчүн эң кирешелүү өсүмдүктөрдүн бири деп атады

Алча (чие) – данектүү мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн ичинен эң кирешелүү жана келечектүү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн бири. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, анын мөмөсү жаңы үзүлгөн (жаңы абалында), кургатылган, тоңдурулган жана шире (сок) түрүндө ички жана тышкы рынокто чоң суроо-талапка ээ.

Бүгүнкү күндө алча мөмөсүн Россия, Кытай, Корея жана башка өлкөлөргө экспорттоого жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Рыноктун кеңдиги жана сатып алуучулардын көп болушу алча өстүрүүнү фермерлер үчүн пайдалуу багыттардын бирине айлантууда.

Өстүрүүнүн негизги артыкчылыктары:

  • 1 гектар жерге орточо 1 250 түп көчөт отургузууга болот;
  • Толугу менен мөмөгө кирген бактан гектарына орточо 18–20 тонна туруктуу түшүм алууга мүмкүн;
  • Алча дарагы суукка жана салыштырмалуу кургакчылыкка чыдамдуу;
  • Күз мезгили көчөт отургузууга эң ыңгайлуу учурлардын бири болуп эсептелет. Бул учурда көчөттөр жакшы тамырлап, жазында активдүү өсө баштайт.