Депутат Кыргызстан органикалык азыктарды өндүрүү менен гана сырткы рынокко атаандаштык жарата алаарын айтты
26 февраль

Депутат Кыргызстан органикалык азыктарды өндүрүү менен гана сырткы рынокко атаандаштык жарата алаарын айтты

Жогорку Кеңештин жыйынында Махабат Мавлянова айыл чарбаны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулбаса, айыл жергесиндеги жарандар жумуш издеп, башка өлкөлөргө кете беришерин билдирди. 

“Айылдын биринчи көйгөйү – жумуш оруну жок. Ошондуктан мигрант болуп сыртка көп кетишет. Айылдарда 70 пайыз ушундай акыбал. Биз айыл чарбаны майдалап, 365 майда чарбага бөлүп жибергенбиз. Жерлер иштетилбей турат. Анткени айыл чарба министрлигинде бирдиктүү саясат жок”, – деди ал. 

Депутаттын айтымында, Кыргызстанда 1 миллион 200 миң гектар жер гана айдоо, калганы тоолуу жерлер. А бул Казакстандын жана Өзбекстандын бир районунун гана жери болуп калат. Ошондуктан депутат аз жерге химикатты болушунча колдонуунун кереги жок. 

“Биз органикалык продукция өндүрүп, ошону менен сырткы рынокко атаандаштык жаратышыбыз керек”, – деди Мавлянова.