АЧК-12 долбоору боюнча 4,03 млрд сом жеңилдетилген кредит каржыланды
16 октябрь

АЧК-12 долбоору боюнча 4,03 млрд сом жеңилдетилген кредит каржыланды

2024-жылдын 10-октябрына карата “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоордун алкагында Кыргызстандын 10 169 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 4 030,43 млн сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде:

  • “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 3 579,40 млн сом суммасында 8 800 субъектти  түзөт;
  • “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 451,03 млн  сом суммасында 1 369 субъектти түзөт.

Аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 5,0 млрд сом суммасын түзүүдө.

2024-жылдын 10-октябрына карата аталган Долбоор тууралуу облустар боюнча маалымат.

(млн сом)

Берилген кредиттердин саны

Долбоорду өздөштүрүү суммасы

Республика боюнча бардыгы

10 169

4 030,43

1

Чүй облусу

1 854

725,09

2

Ысык-Көл облусу

1 575

559,75

3

Талас облусу

1 089

412,14

4

Нарын облусу

1 162

472,56

5

Жалал-Абад облусу

2 109

885,87

6

Ош облусу

1 728

708,08

7

Баткен облусу

652

266,94