
Анвар Анарбаев Малайзиянын чакан жана орто бизнестеги компанияларына Кыргызстандын соода-инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди
2025-жылдын 7-майында Куала-Лумпур шаарында Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Анвар Анарбаев Малайзия менен Борбор Азия мамлекеттеринин соода жана инвестиция тармагындагы кызматташтыгынын келечегине арналган атайын иш-чарага катышты.
Борбордук Азия мамлекеттеринин Малайзиядагы элчилеринин катышуусу менен өткөрүлгөн иш-чара өлкөнүн чакан жана орто бизнес компанияларынын Консорциумунун жылдык жалпы чогулушунун алкагында уюштурулду. Форумга Малайзия жана АСЕАН өлкөлөрүнүн бизнес чөйрөсүнөн 200дөн ашуун өкүл катышты.
Элчи А.Анарбаев Кыргызстандын инвестициялык жана соода мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентация жасап, малайзиялык бизнес менен кызматташуунун келечектүү багыттары катары кайра жаралуучу энергетика, агроөнөр жай комплекси, тоо-кен тармагы, туризм жана халал-индустрия сыяктуу тармактарды белгиледи.
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар 2025-жылдын ичинде Борбор Азия мамлекеттерине атайын бизнес-миссия уюштуруу ниетин билдиришти.