Кыргызстандыктардын реалдуу акчалай кирешелеринин өсүүсү байкалды
Сүрөт ачык булактардан алынды
18 август

Кыргызстандыктардын реалдуу акчалай кирешелеринин өсүүсү байкалды

Кыргызстандын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 2026-жылдын I кварталында 269,2 млрд. сомду түздү.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, көрсөткүч өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 18,7 пайызга көбөйдү.

2026-жылдын I кварталында керектөө бааларынын индексин эсепке алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешелеринин көлөмү 244,5 млрд. сомду түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 7,8 пайызга көбөйдү.

Милдеттүү төлөмдөрдү жана төгүмдөрдү чыгаруу менен кирешелерди мүнөздөгөн калктын жан башына алгандагы колдо болгон акчалай кирешелери 2026-жылдын I кварталында айына 12 726,2 сомду түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 16,4 пайызга өстү.