Соода-өнөр жай палатасы 10 өлкөдө жаңы өкүлдөр дайындалды
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын (КР СӨП) президиуму 118-авугстта кезектеги жыйынын өткөрүп, анда КР СӨПтүн чет өлкөлөрдөгү жаңы өкүлдөрү бекитилди.
Бул чечим Палатанын эл аралык катышуусун андан ары кеңейтүүгө, Кыргызстандын чет элдик өнөктөштөр менен соода-экономикалык байланыштарын чыңдоого жана ата мекендик ишкерлер үчүн тышкы рыноктордо кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.
Жыйындын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрүнө төмөнкү талапкерлер бекитилди:
• Өзбекстан Республикасында - Мирзаев Сухбатила Нематович;
• Испанияда (Мадрид) - Сулайманов Сейтек;
• Испанияда (Барселона) - Улукбеков Нурсултан;
• Швейцарияда (Цюрих) - Касымов Таалай;
• Кытай Эл Республикасында (Чжэцзян провинциясы) - Лю Фенлей;
• Кытай Эл Республикасында (Чунцин) — Азиз Тахмазов;
• Болгария Республикасында — Аида Нурмамбетовна Токтоматова; • Иран Ислам Республикасында (Тегеран) — Камилова Калыковна Калыкова;
• Индия Республикасында (Мумбай) — Рошни Сен;
• Түркия Республикасында — Индира Куралбек кызы.
Бекитилген өкүлдөр ишкердик, эл аралык кызматташтык жана мамлекеттик башкаруу жаатында олуттуу кесиптик тажрыйбага ээ.
Кыргыз Республикасынын СӨП өкүлдөрү катары алар кыргыз жана чет элдик ишкерлеринин ортосундагы түз байланыштарды камсыз кылышат, потенциалдуу өнөктөштөрдү жана инвесторлорду аныкташат, ата мекендик продукцияларды жайылтышат, бизнес миссияларын жана B2B жолугушууларын уюштурушат жана тиешелүү рынокторго чыгууга кызыкдар болгон кыргыз компанияларына колдоо көрсөтүшөт.
Чет элдик өкүлдөрдүн тармагын кеңейтүү — Кыргыз Республикасынын СӨП эл аралык ишмердүүлүгүнүн маанилүү куралдарынын бири. Алардын иши кыргыз бизнеси менен башка өлкөлөрдүн бизнесинин ортосундагы практикалык көпүрө болууга, жаңы биргелешкен долбоорлордун пайда болушуна, сооданын көбөйүшүнө жана инвестициялардын тартылышына көмөктөшүүгө багытталган.
