Пенсионерлердин топтолгон каражаттары Кыргызстанда 2027-жылдын аягына чейин 90 млрд сомдон ашышы мүмкүн
Кыргызстандын Мамлекеттик топтолмо пенсия фондунун каражаттары 2027-жылдын аягына чейин 90 млрд 224 млн сомго чейин көбөйүшү мүмкүн.
Мындай божомол Министрлер кабинети коомдук талкууга чыгарган Социалдык фонддун 2027-жылга жана 2028–2029-жылдарга карата бюджетинин долбоорунда жана ага карата түшүндүрмө катта камтылган.
2027-жылдын башына карата пенсиялык топтолмолордун көлөмү 76 млрд 340 млн сомдун тегерегинде болору болжолдонууда.
Мамлекеттик топтолмо пенсия фондунун жыл ичиндеги кирешеси 19 млрд 353 млн сомду түзүшү күтүлүүдө. Анын ичинен 9 млрд 480 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен түшөт.
Дагы 9 млрд 333,4 млн сом Социалдык фонд пенсиялык топтолмолорду инвестициялоодон киреше алууну пландаштырууда. 2026-жылдын такталган болжолуна салыштырмалуу инвестициялык кирешени болжол менен 1,4 млрд сомго, же дээрлик 18%га көбөйтүү сунушталууда.
2027-жылы пенсиянын топтолмо бөлүгүн төлөөгө 5 млрд сом багыттоо пландалууда. 2026-жылдын такталган бюджетинде бул максатка 3 млрд сом каралган.
Мындан тышкары, пенсиялык топтолмолордун эсебинен топтолмо пенсиялык фонддорго болжол менен 429,1 млн сом өткөрүү каралууда.
Долбоорго ылайык, 2028-жылдын аягына карата пенсиялык топтолмолордун көлөмү 104,1 млрд сомго, ал эми 2029-жылдын аягында 118,3 млрд сомго жетиши мүмкүн.
Документ учурда коомдук талкуунун стадиясында турат. Ошондуктан анда көрсөтүлгөн каржылык көрсөткүчтөр азырынча акыркы эмес.
