Жалал-Абад шаарынын 2025-жылга бюджети 1,2 млрд сом өлчөмүндө каралууда 
28 январь

Жалал-Абад шаарынын 2025-жылга бюджети 1,2 млрд сом өлчөмүндө каралууда 

27-январда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков шаарда 2024-жылы жергиликтүү бюджеттен, республикалык бюджеттен жана башка булактардан жасалган курулуштар, аткарылган иштер боюнча калаа тургундарына видео түрүндө отчет берди. Ошондой эле, 2025-жылга карата шаардын бюджет долбоорун, жергиликтүү жана республикалык бюджеттен аткарыла турган жумуштар, инвестициялык долбоорлор боюнча да видео түрүндө маалымат берди.

 Жыйынга шаардык кеңештин төрагасы Орозбек Турдубеков, мэрдин орун басарлары, депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана 7 аймактык башкармалыктан келген шаар тургундары катышты.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын 2025-жылга бюджетин 1 млрд. 209 млн. 503 миң сом деп бекитүү пландалууда. Бул шаардын 2024-жылкы кирешесинен 100 млн. 569 миң сомго көп.