Кыргызстан менен Малайзиянын соода-инвестициялык кызматташтыгынын жаңы горизонттору талкууланды
28 январь

Кыргызстан менен Малайзиянын соода-инвестициялык кызматташтыгынын жаңы горизонттору талкууланды

Үстүбүздөгү жылдын 23-январынан 24-январына чейин Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Анвар Анарбаев Малайзиянын экономикалык өнүгүү, туризм, соода жана инвестиция жаатындагы алдыңкы штаттардын бири болгон Пенанг штатына таанышуу сапары менен барды. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Сапардын алкагында Элчи Анарбаев Пенанг штатынын Өкмөт башчысы, Башкы министри Чоу Кон Йео менен жолугушту.

Мындан тышкары, Джорджтаун шаарынын мэри Р.Энтони, штаттын Курулуш жана айлана-чөйрө боюнча Аткаруу кеңешинин мүчөсү (Министри) С.Сому, «Пенанг» терең суу портунун башкы директору С.Васудеван, Малайзиянын Пенанг штатындагы Эл аралык Соода-Өнөр жай палатасынын төрагасы Б.Тан жана штаттын ишкерлер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Штаттын расмий өкүлдөрү менен болгон жолугушуулардын алкагында Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы аймактар аралык кызматташтыкты кеңейтүү, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү, туризм, маданият, маалыматтык технологиялар, соода, инвестицияларды тартуу, эркин экономикалык аймактардын иштеши ж.б. маселелер талкууланды.

«Пенанг» портуна болгон сапардын жана ишкерлер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуулардын алкагында Элчилик тарабынан Кыргыз Республикасынын соода жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентациялар жасалып, эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү маселелери, анын ичинде туруктуу соода-логистикалык маршруттарды түзүү жана колдоо маселелери талкууланды.