Балык икрасынан тартып соода текчесине чейин: Кыргызстанда балык азыктарына санариптик көзөмөл киргизилүүдө
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде туруктуу өнүгүүгө багытталган маанилүү кадам жасалууда.
Кыргыз Республикасында балык чарбасын жана аквакультураны өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу максатында балык жана балык продукциясын толук көзөмөлдөөгө алган санариптик система этап-этабы менен ишке киргизилүүдө.
Бүгүнкү күндө:
• балыктын икрасынан тартып, чабактардын, ири балыктарды кое берүүгө жана кыймылына мониторинг жүргүзүлүүдө;
• балык продукциясынын кыймылын толук көзөмөлдөө камсыздалууда;
• балык чарбалары идентификациядан өткөрүлүп, маалыматтар Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасына (ИС СИОЖ) киргизилди.
2026–2027-жылдары балык жана балык продукциясынын кыймылын ИС СИОЖ аркылуу толук көзөмөлдөө пландалууда.
Ар бир модуль:
• алгач тесттик режимде иштелип чыгат,
• пилоттук аймакта апробациядан өтөт,
• андан соң республика боюнча толук киргизилет.
Бул иштер Корея Республикасы тарабынан каржыланып жаткан «Кыргыз Республикасында жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөөнүн комплекстүү интеллектуалдык системасын түзүү аркылуу жаныбарлардан алынган азык-түлүктүн коопсуздугун жогорулатуу» долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө. Долбоордун ишке ашуу мөөнөтү — 2026-жыл.
Маанилүү жаңылык:
Корея тарап балыктарды топтук идентификациялоо модулун иштеп чыгуу сунушун расмий кабыл алды. Бул модуль балык продукциясын толук көзөмөлдөөнү да камтыйт.
Натыйжада:
• балык чарбасында ачык-айкындык жогорулайт;
• көлөкө рынок кыскарат;
• инвесторлор үчүн ишенимдүү шарттар түзүлөт;
• керектөөчүлөр коопсуз жана сапаттуу балык продукциясына ээ болот.
