Кыргызстан боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 8,1% түздү
Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү жалпы Кыргызстан боюнча 8,1 пайызды түздү.
Улуттук статистика комитети билдиргендей, мында тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз ичимдиктердин баасы 7,0 пайызга, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки заттары - 8,0 пайызга, азык-түлүк эмес товарлар - 6,8 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,8 пайызга жогорулады.
Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык региондорунда байкалды.
Мында баалардын максималдуу өсүшү (16,6 пайыз) Ош облусунда катталды, бул тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз ичимдиктердин (11,3 пайызга), алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки заттарынын (29,1 пайызга), азык-түлүк эмес товарлардын (12,3 пайызга) бааларынын жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин (28,3 пайызга) жогорулаш.
