Жыл башынан бери Кыргызстандын ИДПсы 10,8%га өстү
Сүрөт ачык булактардан алынды
15 октябрь

Жыл башынан бери Кыргызстандын ИДПсы 10,8%га өстү

Кыргызстандын ички дүң продукту 2026-жылдын январь-сентябрында алдын ала баалоо боюнча 1 640,9 миллиард сомду түздү.

Улуттук статистика комитетинен кабарлашкандай, бул көрсөткүч 2025-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 10,8 пайызга көбөйдү.

2026-жылдын январь-сентябрында өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 685,4 млрд. сомду түздү. Мында физикалык көлөмдүн индекси 2025-жылдын январь-сентябрына карата 107,0 пайызды түздү.

Өнөр жай өндүрүшүнүн 2025-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу өсүшү тамак-аш азыктарын (ичимдиктерди кошкондо) жана тамеки заттарын (9,4 пайызга), фармацевтикалык продукцияларды (13,6 пайызга), курулуш материалдарын (29,1 пайызга), транспорт каражаттарын (39,4 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфиялык ишмердиктин продукцияларын (41,3 пайызга), тазаланган мунай продуктуларын (1,9 эсеге), химиялык продукцияларды (2,3 эсеге) өндүрүүнүн, ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуунун (7,3 пайызга) көлөмүнүн көбөйүшү менен камсыздалды.

Курулуш тармагында да оң тенденциялар байкалып, иш көлөмү 1,6 эсеге өстү. Ошондой эле айыл чарбасында 6,5 пайызга, дүң жана чекене соодада 4,2 пайызга өсүш катталды.