Балдардын жетишсиз тамактануусунан улам Кыргызстан 32 млн долларга жакын экономикалык жоготууга учураган
Сүрөт ачык булактардан алынды
15 октябрь

Балдардын жетишсиз тамактануусунан улам Кыргызстан 32 млн долларга жакын экономикалык жоготууга учураган

Балдардын жетишсиз тамактануусуна байланыштуу Кыргызстандын экономикалык жоготуулары болжол менен 32 млн долларды түзгөн. Бул маалымат балдарды жасалма тамактандыруу үчүн колдонулуучу азыктардын жарнамасын жөнгө салуу боюнча мыйзам долбооруна карата негиздеме-маалымкатта келтирилген.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) баалоосуна ылайык, 2017-жылы жетишсиз тамактануудан улам каза болгондорго байланыштуу экономикалык жоготуу 4,45 млн долларды түзгөн. Ал эми толук кандуу тамактанбоонун кесепетинен эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн төмөндөшү 27,94 млн долларлык жоготууга алып келген.

Ошентип, жалпы экономикалык чыгым болжол менен 32 млн доллар деп бааланган.

Маалымкатта ЮНИСЕФтин жана Дүйнөлүк банктын 2011-жылдагы баалоолору да келтирилген. Ага ылайык, беш жашка чейинки балдардын кеңири тараган оорулардан каза болгон 1 547 учурунун 21,8%ы кошумча фактор катары жетишсиз тамактануу менен байланыштуу болгон.

Документте ошондой эле балдардын орточо же оор деңгээлдеги бою өспөй калуу көйгөйү болбогондо, мындай өлүмдөрдүн 50%ына чейин алдын алууга мүмкүн экени белгиленген.

Мыйзам долбоорун иштеп чыгуучулардын маалыматына караганда, жетишсиз тамактануу балдардын ооруп, каза болуу коркунучун гана жогорулатпастан, интеллектуалдык өнүгүүнүн артта калышына, семирүүгө, кант диабетине, кан басымдын жогорулашына жана жүрөк-кан тамыр ооруларына да алып келиши мүмкүн.

Алардын пикиринде, жетишсиз тамактанууну азайтууга багытталган атайын программалар аркылуу социалдык жана экономикалык жоготуулардын олуттуу бөлүгүн алдын алууга болот.