Баалуу металлдар департаменти зер буюмдардын жүгүртүлүшүнө көзөмөлдү күчөтүүдө
15 март

Баалуу металлдар департаменти зер буюмдардын жүгүртүлүшүнө көзөмөлдү күчөтүүдө

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти өлкө аймагында баалуу металлдардан жасалган зер буюмдардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн аныктоо жана алдын алуу боюнча активдүү иш-аракеттерди улантууда.

Баалуу металлдар жана баалуу таштар тармагында мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө, зер буюмдардын олуттуу бөлүгү Кыргызстанга мыйзамсыз жолдор менен киргизилери аныкталды. ГТС 2-ТС отчетуна ылайык, 2024-жылы өлкөгө расмий түрдө 201 кг алтын жана 1 267 кг күмүш зер буюмдары импорттолгон. Бирок, базардагы зер буюмдардын реалдуу көлөмү бул көрсөткүчтөрдөн бир топ жогору экени байкалууда.

Ушуга байланыштуу, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Баалуу металлдар департаменти биргеликте “Берен Голд” жана “Берекет Гранд” соода борборлорунда рейд өткөрүштү. Натыйжада, Кыргыз Республикасынын пробир белгилери жок 82 кг алтын зер буюмдары аныкталып, алынган.

Учурдагы талаптарга ылайык, бардык зер буюмдар сатыкка чыгарылганга чейин пробадан өтүп, мамлекеттик пробир клеймосу менен белгилениши керек. Бирок текшерүүлөр көрсөткөндөй, зер буюмдардын болгону 20% Кыргыз Республикасынын белгиленген стандарттарына жооп берет. Мындан тышкары, сатуучулар бул зер буюмдардын келип чыгышы жана жеткирүүчүлөр тууралуу так маалымат бере алышкан жок. Бул болсо көмүскө экономиканын деңгээли жогору экенин дагы бир жолу тастыктайт.

Ушуга байланыштуу, Департамент баалуу металлдардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн аныктоо жана мыйзам бузгандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча иш-чараларын улантат.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын пробир клеймосу жок зер буюмдарды саткан ишкерлик субъекттерине административдик айып 28 000 сомду түзөт жана бул сумма зер буюмдардын салмагына карабастан колдонулат. Ошондой эле, учурдагы пробирдик жыйымдын тарифтерине ылайык, алтын зер буюмдарын пробирлөө жана мамлекеттик клеймо коюу 34 сомду, ал эми күмүш зер буюмдары үчүн 24 сомду түзөт.

Баалуу металлдар департаменти тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте өлкөдөгү баалуу металлдардын жүгүртүлүшүнө көзөмөлдү күчөтүүнү улантат. Мыйзамсыз жүгүртүлүшкө каршы күрөшүү комплекстүү чараларды талап кылат, бул чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү менен гана чектелбестен, зергерчилик тармагында ачык-айкын механизмдерди өнүктүрүүнү да камтышы керек.

Биз ишкерлерди мыйзам талаптарын сактоого жана баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарды апробациядан өткөрүп, мамлекеттик клеймо койдурууга чакырабыз.