Жыл башынан бери Кыргызстандын тышкы соодасынын көлөмү $8,8 млрд түздү
11 сентябрь

Жыл башынан бери Кыргызстандын тышкы соодасынын көлөмү $8,8 млрд түздү

Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2024-жылдын январь-июль айларында 8,8 млрд долларды түздү. Бул көрсөткүч 2023-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 4,7 пайызга көп. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Анын маалыматына таянсак, мында экспорттук берүүлөр 3,7 пайызга төмөндөп, ошол эле учурда импорттук түшүүлөр тескерисинче 6,7 пайызга көбөйгөн.

"Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 2024-жылдын январь-июлунда 2,4 млрд.АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 8,7 пайызга төмөндөдү. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (71,3 пайыз) жана Казакстанга (26,8 пайыз) туура келди", - деди Шокенов.