Кыргызстан менен Түркия OSTİM өнөр жай аймагы менен кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты
Кыргызстандын Түркиядагы Соода өкүлү Чыңгыз Эсенгул уулу OSTİM — Орто Чыгыш өнөр жай жана соода борборунун уюшкан өнөр жай аймагынын башкармалыгынын төрагасы Орхан Айдын менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР Экономика министрлигинен кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк соода-экономикалык мамилелерин өнүктүрүү, өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Өзгөчө көңүл агроөнөр жай секторундагы жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү тармагындагы кызматташтыкка бурулду. КРда өрүк, жаңгак жана алма сыяктуу продукцияларды кайра иштетүүгө багытталган жогорку кошумча наркы бар заманбап ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Мындан тышкары, КРда чийки зат өндүрүүчүлөрдү, кайра иштетүүчүлөрдү, логистикалык жана экспортко багытталган компанияларды бириктирген кластердик ыкманы колдонуу зарылдыгы белгиленип, Түркиянын, анын ичинде OSTİM түзүмүнө кирген компаниялар менен кызматташууну өнүктүрүү маселеси каралды.
OSTİM (OSTİM Organize Sanayi Bölgesi) — Анкара шаарында жайгашкан Түркиянын эң ири уюшкан өнөр жай аймактарынын бири болуп, машина куруу, металл иштетүү, энергетика жана өндүрүш тармактарында 6 миңден ашуун ишканаларды бириктирет жана өнүккөн кооперациялык система менен айырмаланат.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоорлорду практикалык жактан иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдирип, артыкчылыктуу багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө макулдашышты.
