Кыргызстан менен Вьетнам экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөйт
Экономика министрлиги
24 апрель

Кыргызстан менен Вьетнам экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөйт

Кыргызстан менен Вьетнам экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөйт, деп билдирет Экономика министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 21–23-апрелинде Ханой шаарында Кыргыз Республикасы менен Вьетнамдын расмий делегацияларынын ортосунда кирешеге салынуучу салыктар боюнча кош салык салууну жоюу жана салыктарды төлөөдөн качууну болтурбоо тууралуу Макулдашуу боюнча экинчи раунд сүйлөшүүлөр болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Макулдашуунун долбоорунун жоболорун кеңири талкуулашты. Жыйынтыгында тараптар аталган Макулдашуунун долбоорун принципиалдуу түрдө макулдашышты.

Бул эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Макулдашуунун долбоору ар бир тараптын мыйзамдарында каралган бардык зарыл болгон ички жол-жоболор аяктагандан кийин кол коюлат.

Түзүлүп жаткан Макулдашуунун негизги максаты – эки өлкөдө иш алып барган чарба жүргүзүүчү субъекттердин кирешелерине карата кош салык салууну жоюу болуп саналат. Бул өз кезегинде Кыргыз Республикасы менен Вьетнамдын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.

Белгилей кетүүчү нерсе, кош салык салуудан качуу тууралуу макулдашуулар Кыргыз Республикасынын экономикасына түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуунун натыйжалуу инструменттеринин бири катары каралат.

Мындан тышкары, документ бир мамлекеттин резиденттерин экинчи келишим түзгөн мамлекеттин аймагында дискриминациялык салык салуудан коргоого, салыктарды төлөөдөн качууну жана Макулдашуунун жоболорун кыянаттык менен пайдаланууну алдын алууга, ошондой эле эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда өз ара маалымат алмашууну өнүктүрүүгө багытталган.

Маалымат иретинде белгилей кетсек, сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду 2013-жылы Бишкек шаарында болуп өткөн.