Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү пансионат боюнча талашты кайрадан текшерүүнү тапшырды
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон сапары учурунда жеке кабыл алууну өтүнгөн Кубат Алымбековду жана россиялык инвестор Дмитрий Ребусту жубайы Екатерина Ребус менен бирге кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин Ысык-Көл облусундагы жолугушууда Кубат Алымбеков маселесин ачык айтып жатып президенттин иниси Аскарбектин атын атаган эле. Кийин ал интернет аркылуу маселесин толук айта албай калганын билдиргендиктен, мамлекет башчысы тараптарды жеке кабыл алган.
Жолугушууда Дмитрий Ребус Ысык-Көлдүн жээгинде пансионат куруу үчүн Кубат Алымбеков чакырганын айтты.
“Дмитрий Ребус 15 миллион долларга пансионат курганын далилдеп, бирок кийин уюшкан кылмыштуу топтор тартып алып, өзүн өлкөдөн кууп чыгышып, “экинчи бул жака келсең жок кылып коёбуз” дешкенин айтып берди.
Ал эми Кубат Алымбеков инвестициялык долбоорго жер тилкесин же жеке каражатынан бир сом да салбаганын өзү да мойнуна алды. Мындан сырткары курулушту аткарган фирмалардын жетекчилери уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар адамдар экенин да тастыктады.
Бирок Кубат Алымбеков инвестициялык долбоордон “Дмитрий Ребус мага үлүш берем деп бербей кеткен” деген дооматын айтты.
Инвестор мындай үлүш берүү боюнча эч кандай келишим же макулдашуу болбогонун белгиледи жана “Кубат Алымбеков бир сом салбаса кантип үлүш берем демек элем” деди.
Маселени чечүү үчүн Дмитрий Ребус 2023-жылы президенттин иниси аркылуу мамлекет башчысына кайрылганын билдирди. Кийин мүлктөрү кайтарылып, учурда ишмердүүлүгүн улантып жатышканын айтты”,-деп билдирди Алагөзов.
Ал ошондой эле жолугушуунун жыйынтыгында президент Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга тараптардын жүйөлөрүн, финансылык милдеттенмелердин аткарылышын, уюшкан кылмыштуу топтун аралашканын жана үлүш боюнча айтылган дооматтардын документтерин дагы бир жолу кылдат жана калыс териштирип, жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берүүнү тапшырганын кошумчалады.
