КРда лизинг долбоору аркылуу жалпы 7,2 миң даана айыл чарба техникасы берилди
2011-2025-жылдардын ичинде бардыгы болуп 19,2 млрд. сомго 7 296 даана айыл чарба техника лизинг долбоорлору аркылуу берилди.
Айыл чарба министрлиги билдиргендей, анын ичинен 2025-жылы 886,2 млн. сомго 188 даана техника берилди.
Техниканын түрлөрү боюнча 2025-жылдын ичинде:
62 трактор;
2 комбайн;
4 кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар;
2 айыл чарба машинасы;
117 спецтехника;
1 транспорт каражаттары берилген.
2025-жылдын ичинде облустарга берилген техникалар:
Чүй - 106 даана,
Ысык-Көл - 29,
Ош - 14,
Жалал-Абад - 16,
Талас - 1,
Нарын - 8,
Баткен - 14.
