КМШ өлкөлөрүнүн салык кызматтары салыктык башкарууда кардарга багытталган ыкмаларды өнүктүрүүнү талкуулашты
Россия Федерациясынын Уфа шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин салык кызматтарынын ишмердүүлүгүнө кардарга багытталган принциптерди киргизүү боюнча жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.
Жыйынга Азербайжан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын салык органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле КМШнын Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар салык органдарынын ишине кардарга багытталган ыкмаларды киргизүү боюнча практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүп, стратегиялык документтерди ишке ашыруу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, санариптик сервистерди өнүктүрүү, жасалма интеллект технологияларын колдонуу, салык төлөөчүлөр менен кайтарым байланыш каналдарын өркүндөтүү, ошондой эле салык кызматтарынын кадрдык потенциалын даярдоо жана өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
КМШга мүчө мамлекеттердин салык органдарынын кызматкерлери үчүн кардарга багытталган маданиятты өнүктүрүүдө бирдиктүү ыкмаларды калыптандырууга багытталган биргелешкен окутуу программасын иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулду.
Кыргыз тарап салык төлөөчүлөр менен кайтарым байланышты уюштуруунун учурдагы системасы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана ачыктыгын жогорулатуунун куралы катары «Бирдиктүү терезе» тейлөө борборлорунда видеобайкоону колдонуу, ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын кардарга багытталган ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган стратегиялык документтеринин негизги жоболорун ишке ашыруу тууралуу маалымат берди.
Белгилей кетсек, аталган жумушчу топ 2022-жылы КМШга мүчө мамлекеттердин салык кызматтарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин алкагында түзүлгөн. Анын ишмердүүлүгү салыктык башкаруу тармагындагы мыкты тажрыйбаларды изилдөөгө жана жайылтууга, кардарга багытталган мамилелерди өнүктүрүүгө, ошондой эле салык органдары менен салык төлөөчүлөрдүн өз ара кызматташуусун өркүндөтүүгө багытталган.
