
Элчи А.Исмаилованын SK Hynix компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуусу жөнүндө
2025-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аида Исмаилова дүйнөдөгү эң ири жарым өткөргүч өндүрүүчү компаниялардын бири болгон SK Hynix компаниясынын Аткаруучу вице-президенти Джун Чой мырза менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар туруктуу жеткирүү чынжырларын камсыз кылуу боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Элчи Аида Исмаилова Кыргызстанда чип өндүрүүгө керектүү сейрек кездешүүчү металлдардын ири запасы бар экенин баса белгилеп, бул ресурстарды биргелешип иштеп чыгуу жана казып алуу боюнча сунуш берди.
SK Hynix компаниясынын өкүлдөрү ишенимдүү чийки зат менен камсыз кылуунун стратегиялык маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргыз Республикасы менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүнө кызыгуусун билдиришти. Тараптар жогорку технологиялар тармагында өнөктөштүктү чыңдоого багытталган өз ара аракеттенүүнүн мүмкүн болгон форматтарын терең изилдөөнү улантуу тууралуу макулдашты.
Маалымат үчүн: SK Hynix – бул дүйнөдөгү эң ири жарым өткөргүч өндүрүүчү компаниялардын бири, DRAM, NAND-флеш жана башка эс тутум чиптерин чыгарууга адистешкен. Компания жарым өткөргүч өндүрүүчүлөрдүн дүйнөлүк рейтингинде алтынчы орунду ээлейт жана Intel, Nvidia жана Samsung сыяктуу компаниялардан кийин орун алат.