Бишкекте «жашыл такси» долбоорун ишке киргизүү пландаштырылууда
23 февраль

Бишкекте «жашыл такси» долбоорун ишке киргизүү пландаштырылууда

Бишкек шаарында «жашыл такси» долбоорун ишке киргизүү пландаштырылууда. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда долбоорду ишке ашыруу механизмдери жана мүмкүнчүлүктөрү тараптардын катышуусунда талкууланып жатат.

Экологиялык жактан таза транспортту өнүктүрүү – айлана-чөйрөнү коргоо, абанын сапатын жакшыртуу жана туруктуу шаардык өнүгүүнү камсыз кылуу багытындагы маанилүү кадам болуп саналат. Иш-чаралар мындан ары да ырааттуу түрдө улантылат.