Ала-Тоо аянтындагы музыкалык кечелер кийинкиге жылдырылды
21 июль

Ала-Тоо аянтындагы музыкалык кечелер кийинкиге жылдырылды

Абанын температурасынын жогору болушуна жана шаар тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, 2026-жылдын 17–18-июлунда Ала-Тоо аянтында пландаштырылган музыкалык кечелер өткөрүлбөйт.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарына түшүнүү менен мамиле кылганы үчүн ыраазычылык билдирет жана абанын температурасы жогору болгон мезгилде мүмкүн болушунча ачык күндүн алдында көпкө жүрбөөнү, жетиштүү өлчөмдө суу ичүүнү жана ден соолукка кам көрүүнү сунуштайт.

Кийинки маданий иш-чаралардын өткөрүлүү күнү тууралуу кошумча маалымат берилет.