Ош: Көрктөндүрүү талаптары сакталбаган 11 объектидеги иштер убактылуу токтотулду
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин “Курулуш объекттерин ишке ашырууда аймактарды көрктөндүрүүнү камсыз кылуу жөнүндө” буйругунун аткарылышын көзөмөлдөө максатында Ош шаарындагы курулуш объекттеринде рейд жүргүзүлүүдө.
Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш аянтчаларын талапка ылайык тосуу, жөө жүргүнчүлөр үчүн коргоочу тосмолорду жана чатырчаларды орнотуу, сырткы жарыктандыруу, кирүүчү жолдорду уюштуруу, ошондой эле атайын техникалардын дөңгөлөктөрүн жуучу жайлардын бар экендиги текшерилди.
Жыйынтыгында төмөнкү объекттерде көрктөндүрүү талаптарынын бузулушу аныкталды:
- Нурматов көчөсү — 14 кабаттуу турак жай;
- А. Масалиев көчөсү 122 — 14 кабаттуу турак жай;
- Ленин көчөсү 235 — 16 кабаттуу турак жай (апартамент);
- Ж. Шамшиев көчөсү 2 — 12 кабаттуу турак жай;
- М. Жалил көчөсү 2Б — 9 кабаттуу турак жай комплекси;
- Достук кичи району 83-6 көчөсү — 9 кабаттуу турак жай;
- Кара-Суу району, Дыйкан-Кыштак айылы — 9 кабаттуу турак жай;
- Мамыров көчөсү — 12 кабаттуу турак жай;
- Закиров көчөсү 63 — 9 кабаттуу турак жай;
- Исанов көчөсү 72 — 7 кабаттуу турак жай;
- Алиев көчөсү 99 — 12 кабаттуу турак жай;
- Моторный көчөсү 2 — 12 кабаттуу турак жай;
- Моторный көчөсү 2Г — 12 кабаттуу турак жай.
Аныкталган мыйзам бузуулар үчүн “Саламат Курулуш” жана “Береке” ЖЧКларынын ар бирине 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ал эми “Курам Констракшн”, “Кыргыз Каганат”, “Имар-Строй”, “Бийиктик-Строй”, “Бийиктик Курулуш”, “Эль-Насип”, “Ош Строй Компани”, “Баймен”, “Домостроитель”, “Элит Строй Сити” жана “Карагай Курулуш” ЖЧКларына мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди. Белгиленген талаптар толук аткарылганга чейин аталган объекттерде курулуш-монтаждоо иштери убактылуу токтотулду.
Эске салсак, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш иштерин жүргүзүүдө КР КЧ 12-02:2018 “Курулуш өндүрүшүн уюштуруу” ченемдеринин талаптарын так сактоо зарыл экенин эскертет. Белгиленген талаптар аткарылмайынча курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө жол берилбейт.
