Кочкор-Атада баасы $25 млн заманбап мунайды кайра иштетүүчү завод курулат
Экономика министрлиги
20 июль

Кочкор-Атада баасы $25 млн заманбап мунайды кайра иштетүүчү завод курулат

Бүгүн, 2026-жылдын 20-июлунда, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Борбордук Азия энергетикасы» ЖЧКсынын ортосунда Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында инновациялык мунайды кайра иштетүүчү заводду куруу жана иштетүү долбоорун ишке ашыруу боюнча Инвестициялык келишимге кол коюу аземи болуп өттү.

Кыргыз тараптан документке Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков, ал эми инвестор тараптан «Борбордук Азия энергетикасы» ЖЧКсынын башкы директору Шао Пейпей айым кол койду.

Министр белгилегендей, Инвестициялык келишимде жылына 450 миң тонна мунай продуктуларын кайра иштетүүчү кубаттуулуктагы заманбап мунайды кайра иштетүүчү заводду куруу, кеминде 300 жаңы жумуш ордун түзүү каралган. Мында ишкананын кызматкерлеринин кеминде 90 пайызын Кыргыз Республикасынын жарандары түзөт.

«Биз Кыргыз Республикасына көрсөтүлгөн ишенимди жогору баалайбыз жана Кочкор-Ата шаарында заманбап мунайды кайра иштетүүчү заводдун курулушу өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө жана мамлекеттин энергетикалык коопсуздугун чыңдоого олуттуу салым кошот деп ишенебиз.

Өз кезегибизде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги колдонуудагы мыйзамдардын алкагында долбоорду тиешелүү коштоону камсыз кылууга жана аны ийгиликтүү ишке ашырууга көмөктөшүүгө даяр», — деди Бакыт Сыдыков компанияга долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууну, ал эми эки тараптуу кызматташтыкка узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу өнүгүүнү каалап.

Өз кезегинде «Борбордук Азия энергетикасы» ЖЧКсынын башкы директору Шао Пейпей айым келишимдин алкагында инвестициялардын көлөмү 25 млн АКШ долларын түзөрүн белгиледи.

«Долбоордун алкагында К-5 жана К-6 экологиялык класстарындагы бензин жана дизелдик отун, ошондой эле битум жана мотор майларын өндүрүү пландалууда. Биз Кыргызстанды ишенимдүү өнөктөш катары карайбыз. Бардык өндүрүштүк процесстер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына, эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлүп, экологиялык коопсуздуктун жогорку деңгээлин камсыз кылат.

Биз үчүн жумуш орундарын түзүү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат», — деди ал көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирип.

Эскерте кетсек, учурда курулуш иштери параллелдүү жүргүзүлүүдө. Долбоордун биринчи этабын 2026-жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү күтүлүүдө.