Ноокенде мал уурдоо фактысы боюнча үч шектүү кармалды
Ноокен районунун тургуну Т.М. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, 2026-жылдын 17-18-июнь күндөрүнө караган түнү белгисиз адамдар анын короосунан аркандалып турган 3 жаштагы кунажын жана 1 айлык бука торпогун уурдап кеткендигин билдирген.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2, 3-пункттары менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары үч жаран аныкталып, алар 2026-жылдын 21-июнунда кармалган. Ноокен райондук сотунун чечими менен аларга карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тандалган.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
