Даниэль Насрединов Азия чемпионатында Кыргызстандын рекордун жаңылады
Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан өспүрүмдөр жана жаштар арасындагы суу спорт түрлөрү боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Даниэль Насрединов дагы бир ийгиликти камсыздады.
Жаштар (17–18 жаш) арасында 800 метрге эркин стилде сүзүүдө Даниэль Насрединов коло медаль жеңип, үчүнчү орунду ээледи.
Мындан тышкары, кыргызстандык спортсмен бул аралыкта Кыргызстандын рекордун жаңыртып, өлкөнүн сууда сүзүү тарыхындагы дагы бир маанилүү жетишкендикке жетишти.
Эске салсак, буга чейин Даниэль Насрединов Азия чемпионатында 400 метр эркин стилде төртүнчү орунду ээлеп, эл аралык класстагы спорт чебери (ЭКСЧ) нормативин аткарган.
