Түркиядагы Улуу-Памир айылында Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган маданий иш-чара өттү
Түркия Республикасынын Ван облусунун Эржиш районундагы Улуу-Памир айылында салтка айланган Улуу-Памир маданият майрамы өткөрүлдү. Майрамдын алкагында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган өзүнчө салтанаттуу маданий иш-чара уюштурулуп, Түркияда жашаган боордош кыргыздар үчүн атайын концерттик программа сунушталды.
Иш-чаранын негизги максаты – Кыргызстан менен Түркияда жашаган кыргыздардын ортосундагы руханий жана маданий байланышты бекемдөө, улуттук каада-салттарды, маданий мурастарды жана кыргыз элинин улуу руханий дөөлөтү болгон «Манас» эпосун кеңири даңазалоо болду.
Маданий кечеде Кыргыз улуттук «Манас» театрынын төкмө акындары Тынчтык Эсенбай уулу, Чыңгызхан Кожошев, Бакыт Шаршеналиев, ошондой эле дастанчылар Улукбек Токтоболот уулу, Бермет Калиева жана Алтынай Бекболотова өнөр көрсөтүштү. Алар төкмөлүк өнөрдүн жана дастанчылык салтынын мыкты үлгүлөрүн аткарып, мекен, эл-жер, улуттук биримдик жана ата-бабалардын мурасы тууралуу чыгармаларды көрүүчүлөргө тартуулашты.
Иш-чарага катышкан боордош кыргыздар Кыргызстандан келген чыгармачыл жамаатты жылуу тосуп алышып, мындай маданий жолугушуулар чет өлкөдө жашаган мекендештердин улуттук аң-сезимин бекемдөөгө, эне тилин жана маданий мурастарын сактоого чоң өбөлгө түзөрүн белгилешти.
Өз кезегинде «Манас» театрынын өкүлдөрү дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө жашаган мекендештер менен болгон жолугушуулар кыргыз элинин тарыхый эс тутумун, руханий баалуулуктарын жана улуттук маданиятын кийинки муундарга жеткирүүдөгү маанилүү миссияны аткарарын белгилешти.
