Ошто 95 млн долларлык таштанды иштетүүчү заводдун курулушу башталууда
Ош мэриясы
4 май

Ошто 95 млн долларлык таштанды иштетүүчү заводдун курулушу башталууда

Ош шаарынын мэри Жанар Акаев “Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест” жоопкерчилиги чектелген коомунун таштандыны утилдештирүүчү заводунун курулушун баштоого даярдык иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Долбоорду ишке ашырууга зарыл болгон чараларды көрүү үчүн тиешелүү шаардык кызматтарга тапшырмалар берилип, тоскоолдуктарды жоюу багытында мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташтыкта иш алып баруу милдеттендирилди.

Аталган долбоордун алкагында катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү завод курулат. Бул ыкма таштандыларды энергетикалык ресурс катары пайдаланууга мүмкүндүк берип, айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирди кыйла азайтат.

Ош шаарында жыл сайын орто эсеп менен 252 миң тонна катуу тиричилик калдыктары пайда болот. Мурда бул таштандылар ачык полигондордо сакталса, эми заманбап технологиялардын жардамы менен кайра иштетилип, экологиялык коопсуздук жогорулайт.

Заводдун биринчи курулуш этабында суткасына 850 тоннага чейин таштанды иштетүү мүмкүнчүлүгү каралып, саатына 30 МВт электр энергиясын өндүрүү пландалууда.

Өндүрүлгөн электр энергиясын Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан сатып алуу каралууда.

Заводдун курулушуна Кытай тараптан жалпы 95 миллион АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартылат.