Комитет Кыргызстандын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселеси боюнча маалымат алды
Бүгүн, 23-февралда Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарындагы ичүүчү суу жана саркындуу сууларды тазалоочу курулмалардын абалы тууралуу маалымат угулду.
Жыйында баяндама жасаган Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Жаныбек Керималиев белгилегендей, 2021-жылдан тартып республика боюнча таза суу тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, жалпысынан 567 млн доллар инвестиция тартылган, анын ичинен 55 млн доллар республикалык бюджеттен каржыланган.
«Жогоруда тартылган инвестициялардын жардамы менен 2021-2025-жылдар аралыгында 25 шаарда жана 601 айылда таза суу тутумдарын жакшыртуу иштери жүргүзүлдү», – деди.
Талкуу маалында комитет мүчөлөрү калкты сапаттуу ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча иштерди тездетүү зарылдыгын белгилешти. Мындан тышкары, тармакка тартылып жаткан кредиттик каражаттарды максаттуу жана сарамжалдуу пайдалануу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.
Депутат Алишер Козуев жыйында каралып жаткан маселенин актуалдуулугун белгилеп, Кара-Суу шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды пайдаланууга берүү иштерин тездетүүгө чакырды. Буга баяндамачы объектти ишке киргизүү 2026-жылдын 4-кварталына пландалганын билдирди.
Ал эми эл өкүлү Эркеайым Сейтказиева административдик-аймактык реформанын алкагында жарандардын жер тилкелерин алуу кезектүүлүгүн аныктоо маселесин чечүү зарылдыгын айтып:
«Тизмелерге байланышкан маселе эки жылдан бери чечилбей келет. Айыл өкмөттөр бириктирилгенден кийин кайсы тизмени негиз катары алуу керектигин тактоо зарыл», – деди.
Депутат Табылды Муратбеков Ысык-Көл облусундагы бир катар таза суу долбоорлорунун аяктоо мөөнөттөрүн тактаса, эл өкүлү Нилуфар Алимжанова Ноокат районуна караштуу Гулистан айыл өкмөтүнүн тургундарын ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселесин көтөрүп, муну менен катар суу сапатын текшерүү үчүн жер-жерлерде лабораторияларды түзүү керектигин кошумчалады.
Депутат Умбеталы Кыдыралиев тартылган инвестицияларды натыйжалуу пайдалануу, илимий жетишкендиктерди эске алуу менен өлкөнүн бай гидроэнергетикалык потенциалын ишке ашыруу маселелерин ортого салды.
Жыйынтыгында комитет төрагасы Бакыт Тентишев суунун сапаты белгиленген санитардык талаптарга жооп бериши керектигин, тиешелүү курулуштарга сууну тазалоо жана зыянсыздандыруу системаларын орнотуу зарылдыгын айтты.
