Ысык-Көлдөн 4,3 чакырым эски синтетикалык тор чыгарылды
Жаратылыш ресурстары министрлиги
12 октябрь

Ысык-Көлдөн 4,3 чакырым эски синтетикалык тор чыгарылды

Ысык-Көлдүн акваториясынан 4 миң 300 метр эски синтетикалык тор жана 70 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы маалымдады.

Маалыматка ылайык, рейддик иш-чара 11-октябрда президенттин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 Жарлыгын аткаруу максатында өткөрүлгөн.

Эски синтетикалык торлор суу жаныбарларына, анын ичинде балыктардын популяциясына зыян келтирип, көлдүн экосистемасына терс таасирин тийгизет.

Ысык-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо, суу ресурстарын коргоо жана браконьерликке каршы күрөшүү багытындагы рейддер улантылууда.