ӨкК министри Ысык-Көлдөгү сел өтүүчү каналдардын курулушунан кабар алды
Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен келип, облустун аймагындагы курулуп жаткан сел өтүүчү каналдардын курулушунан жана селдин кесепеттерин жоюу иштеринен кабар алды.
Белгилүү болгондой быйыл ӨКМ тарабынан облустун Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту, Темир айылында сел өтүүчү канал курулууда. Долбоор боюнча эки айылдагы каналдын курулушун ушул жылдын соңуна чейин бүтүрүү каралган.
Алсак Бактуу-Долоноту айылында 2025-жылдан бери жалпы узундугу 2570м сел өтүүчү канал, ал эми Темир айылында жалпы узундугу 2040м каналдын курулушу жүрүүдө.
Мындан сырткар министр Ысык-Көл районунун Григорьевка капчыгайында Чоң-Ак-Суу суусунун нугунда курулган көпүрөнү көрүп чыкты.
Өз кезегинде ӨК министри Канатбек Чыныбаев райондогу жергиликтүү эл үчүн жана туристтик аймак катары эсептелген Ысык-Көл районундагы коопсуздук маселеси маанилүү экенин баса белгиледи.
