Талас облусунда жаратылышты коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Жаратылыш министрлиги
3 август

Талас облусунда жаратылышты коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Талас облусундагы өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын, жайыт жерлерин жана жаратылыш экосистемаларын сактоо максатында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас аймактык башкармалыгы Талас облустук ички иштер башкармалыгынын Туристтик милициясы менен биргеликте алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Рейддердин жүрүшүндө туристтерге, эс алуучуларга жана жергиликтүү тургундарга автоунаалар жана эндуро-мотоциклдер менен жайыт аймактарында жүрүүнүн терс кесепеттери түшүндүрүлүп, ошондой эле экологиялык мыйзамдардын талаптарын сактоо, белгиленген каттамдар боюнча гана жүрүү жана жаратылышка аяр мамиле кылуу зарылдыгы эскертилди.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандарды жана аймактын конокторун жаратылышты коргоо талаптарын так сактоого чакырат.