Кыргызстанда монофилдик балык уулоочу торлорду алып кирүүгө, сатууга жана колдонууга тыюу салуу сунушталууда
Кыргызстанда түйүнсүз токулган монофилдик балык уулоочу торлордун жүгүртүлүшүнө толук тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү норма суу ресурстары чөйрөсүндөгү актылардын долбооруна киргизилген.
Мындай торлорду өлкөгө алып кирүүгө, сатууга, сатып алууга, өткөрүүгө жана колдонууга тыюу салуу сунушталууда.
Мындан тышкары, балык уулоодо оорлоткуч катары коргошун колдонулган тор түрүндөгү балык уулоо шаймандарын пайдаланууга да тыюу салуу пландалууда.
Долбоордо уруксаты жок, тыюу салынган жерлерде жана мөөнөттөрдө, ошондой эле тыюу салынган ыкмалар менен балык уулоого карата чектөөлөр да сакталат.
Мыйзамсыз кармалган балыкты, икраны жана алардан өндүрүлгөн продукцияны мыйзамдуу түрдө ташууга, сатууга же сатып алууга да жол берилбейт.
Ачкыч сөздөр: Кыргызстан, балык уулоочу торлор, монофилдик торлор, балык уулоо, балык, браконьерлик, балык запастары, Суу кодекси, Министрлер Кабинети, экология, суу объектилери, торлорго тыюу салуу, коргошун, балык чарбасы, балык ресурстарын коргоо
