Нарын шаарында саркынды суу тазалоо жайынын курулушу башталды
17 июнь

Нарын шаарында саркынды суу тазалоо жайынын курулушу башталды

“Нарын шаарында таза суу менен камсыздоо жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоорунун II фазасынын алкагында жаңы саркынды суу тазалоо жайынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Шаардагы 20 миң адамга эсептелген заманбап үлгүдөгү агынды суу тазалоо жайы саркынды сууну 3 этап механикалык, биологиялык жана химиялык тазалоодон өткөрүп, шаардын чыгыш жана батыш бөлүгүнөн жаңы 3 миңдей абонент кошулууда.

Аталган долбоордун II фазасынын алкагында Нарын шаарынын Чыгыш аймагына 6, Батыш аймагына 6 жалпы 12 чакырым канализация тутуму тартылды.

Нарын шаарындагы саркынды суу тазалоо жайы 60 мурда курулуп эскилиги жеткен.