Бир жылда Кыргызстанда эконормаларды бузгандарга карата 1 млн сом айып салынган
16 март

Бир жылда Кыргызстанда эконормаларды бузгандарга карата 1 млн сом айып салынган

2025-жылы Кыргызстандын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында (ООПТ) экологиялык нормаларды бузган 139 факт аныкталып, жалпы келтирилген зыян 1 млн 105 миң сом деп бааланган.

Анын ичинен:

  • 54 материал боюнча айып пулдар — 399 миң 500 сомду түзгөн;
  • 119 материал соттордо каралып, алардын суммасы 706 миң 289 сомду түзгөн.

Бузуулар төмөнкү тармактарга тиешелүү болгон:

  • Суу ресурстары — 7 учур;
  • Жер ресурстары — 20 учур;
  • Өсүмдүктөр дүйнөсү — 98 учур;
  • Жаныбарлар дүйнөсү — 14 учур.

Азыркы учурда 78 иш боюнча 578 миң сом өндүрүлгөн. Калган 61 иш 527 миң 565 сом суммасында каралуу процессинде.