Ысык-Көлгө 800 миң карп-сазан балыгынын чабагы кое берилди
2026-жылдын 25-26-сентябрь күндөрү Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районунундагы Регионалдык аклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмүнүн (Станциянын) кызматкерлери тарабынан карп-сазан балыгынын чабактарын Ысык-Көл көлүнө куйган дарыяларга коё берүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Бул иш-чарага Туристтик-экологиялык милиция, Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун илимий адистери, Тоң райондук ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү калктын катышуусунда өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында жалпысынан 800 миң даана карп-сазан балыгынын чабактары Ысык-Көл көлүн балыктандыруу үчүн коё берилди.
Алар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:
- Караталаа айылы — 7 участок 200 миң даана;
- Тоң айылы — 15 участок 200 миң даана;
- Тосор айылы — 19 участок 200 миң даана;
- 40 участок — 200 миң даана.
Аталган иш-чара Ысык-Көлдүн балык ресурстарын сактоо жана көбөйтүү, ошондой эле көлдүн экосистемасынын биологиялык ар түрдүүлүгүн колдоо максатында жүргүзүлөт.
