Жогорку Кеңештин тармактык комитети Ысык-Көл облусунда айыл чарба тармагындагы долбоорлордун жүрүшү менен таанышты
15-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитети Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп жаткан көчмө жыйындын алкагында аймактагы айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө багытталган бир катар долбоорлордун жүрүшү менен таанышты.
Иш-чарага комитет төрагасы Кубанычбек Самаков баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Умбеталы Кыдыралиев, Алишер Козуев, Азамат Исираилов, Нилуфар Алимжанова, Эркеайым Сейтказиева, Махабат Мавлянова, Алтынкуль Мурзакимова, Табылды Муратбеков жана Болот Сагынаев катышты.
Алгач эл өкүлдөрү Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл аймагында жайгашкан «Ак-Жалга» сүттү кайра иштетүүчү заводунун өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышып, ишкананын учурдагы мүмкүнчүлүктөрү, өндүрүш көлөмү жана продукцияны сатуу багыттары тууралуу маалымат алышты.
Мындан тышкары комитет мүчөлөрү Кызыл-Суу айыл аймагына караштуу Кара-Булуң участкасында болуп, айыл чарба багытындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери менен жеринде таанышты. Тактап айтканда, маданий жайыт категориясындагы жер тилкесин мөмөлүү бак-дарак өстүрүүгө ылайыкташтырылган категорияга которуу, учурдагы гилас багынын аянтын кеңейтүү жана 105 гектар жер аянтында заманбап логистикалык борбор түзүү боюнча демилгелер каралды.
Жолугушуунун жүрүшүндө долбоордун демилгечилери аталган иш-чаралар айыл чарба продукцияларын өндүрүү, сактоо, кайра иштетүү жана рынокко жеткирүү системасын жакшыртууга өбөлгө түзөрүн белгилешти.
Комитеттин көчмө жыйыны андан ары Түп районунда уланып, эл өкүлдөрү Түп айылындагы таза суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоо тутумдарын куруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди көрүп чыгышты. Ошондой эле Түп дарыясынын жээктерин бекемдөө жана сел коркунучун алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иш-чаралар жеринде каралды. Аталган объектилерди көрүү учурунда депутаттарга тиешелүү мамлекеттик органдардын жана министрликтердин өкүлдөрү тарабынан курулуш иштеринин учурдагы абалы, каржылоо булактары, долбоорлорду ишке ашыруу мөөнөттөрү жана алдыда турган милдеттер тууралуу кеңири маалымат берилди.
Аны менен катар Жогорку Кеңештин депутаттары аталган райондун Ичке-Суу айылындагы кулпунай өстүрүүчү чарбанын жана Михайловка айылындагы чычырканак өстүрүү багытындагы чарбанын ишмердүүлүгү менен таанышты. Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү ишкерлер айыл чарба продукцияларын натыйжалуу сактоо жана рынокко жеткирүү үчүн заманбап логистикалык борборлорду куруу зарылдыгын белгилешти. Мындан тышкары мөмө-жемиш багынын аянттарын кеңейтүү, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү, жеңилдетилген каржылоо механизмдерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана мамлекеттик колдоо чараларын күчөтүү маселелери көтөрүлдү.
Өз кезегинде депутаттар кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелерине көңүл бурушуп, тармактагы көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган сунуш-пикирлерин ортого салышты.
