Жаратылыш ресурстары министрлиги
8 июль
Ысык-Көлдөгү бир катар эс алуу жайлары текшерилип, 767 миң сом айып салынды
Ысык-Көл облусундагы бир катар эс алуу жайларында пландан тышкаркы текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Жаратылыш министрлигинен кабарлашкандай, анын жыйынтыгында 54 административдик протокол түзүлдү.
Протоколдордун негизинде 767 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды жана аныкталган бузууларды ыкчам түрдө жоюу туурасында милдеттенмелер берилди.
Иш-чара Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жана Бишкек экологиялык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн.
Мындан тышкары башка эс алуу жайлары боюнча Экономика министрлигинин тиешелүү макулдугу алынгандан кийин пландан тышкаркы текшерүү иштери жүргүзүлөт.
