Түп токой чарбасынын мурдагы директору туугандарына жер тилкелерин бөлүп берүүгө айыпталууда
КР УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын Түп токой чарбасынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды.
Тергөө маалыматына ылайык, Түп токой чарбасынын мурдагы директору Р.Б.М. кызматтык абалынан пайдаланып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги №192 токтому менен бекитилген «Мамлекеттик токой фондун пайдалануунун тартибин», ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 12-декабрындагы №206 «Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын бузуу менен мамлекеттик токой фондусунун жер тилкелерин мыйзамсыз түрдө өзүнүн жакын туугандарынын пайдасына бөлүп берген.
Мындан тышкары, ал финансы-чарбалык ишмердүүлүк үчүн жооптуу кызмат адамы катары токой продукцияларын төмөндөтүлгөн баада сатып өткөрүп, анын натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.
2026-жылдын 7-июлунда Р.Б.М. КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышты жасаган деп айыпталган. Учурда бул коррупциялык схемага катышкан башка адамдарды аныктоо боюнча бир катар ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
