Кыргызстан климаттык аракеттердин мыйзамдык базасын жаңыртууну сунуштоодо
10 январь

Кыргызстан климаттык аракеттердин мыйзамдык базасын жаңыртууну сунуштоодо

Депутат Динара Ашимова климаттык аракеттенүү жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салууга багытталган «Климаттык иш жөнүндө» мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын климаттык жактан туруктуу, төмөн көмүртектик өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн климаттык аракеттердин укуктук негиздерин белгилейт.

Маалымат-негиздемеде айтылгандай, долбоордун максаты төмөнкүлөргө багытталган климаттык саясатты пландаштыруу, иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн туруктуу негизди түзүү болуп саналат:

  • парник чыгындыларын кыскартууга, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жеңилдетүүгө жана көмүртек нейтралдуулугуна жетишүүгө;
  • климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоого, байымсыздыкты төмөндөтүүгө жана климаттын өзгөрүшүнүн жагымсыз таасирлерине байымдуулукту жогорулатууга;
  • климаттык аракеттердин мониторингинин, отчеттуулугунун, верификациялоонун жана баалоонун улуттук тутумун түзүүгө.

Белгиленгендей, «Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы азыркы учурда акыйкатка жана практикага шайкеш келбейт, атап айтканда:

  • толук эмес жана жарым-жартылай эскирген түшүнүк аппаратын камтыйт;
  • мыйзам парник газдарын Улуттук инвентаризациялоонун бардык процесстери жөнгө салына турган мыйзамга караштуу жана ведомстволук актылар менен бекемделген эмес, бул ушул ишти тобокелдикке дуушарлантат – мыйзам деңгээлинде жөнгө салынбаган процесстер тез-тез өзгөртүүлөргө кабылышы/«аткаруучу каалагандай» жүзөгө ашырылышы, климаттык отчеттуулукту даярдоонун мөөнөттөрүнө жана мезгилдүүлүгүнө таасир этиши, институционалдык эске тутууну калыптандырууга көмөкчү болбошу мүмкүн;
  • мыйзамда климаттык саясаттын маанилүү аспекттери: климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана адаптациялык пландаштыруу, климаттык каржылоо, климаттык технологияларды иштеп чыгуу, киргизүү жана жайылтуу, илимди жана инновацияларды колдоо зарылчылык, климаттык билим берүү, БУУ КӨАКтын алкагында эл аралык климаттык отчеттуулукту түзүү маселелери чагылдырылган эмес;
  • мыйзам практикада иштебей турган ченемдерди камтыйт (декларативдик мүнөздө).

Депутат тарабынан сунушталган жаңы мыйзам орун алган кемчиликтерди жоюуга, анын ичинде парник газдарынын эмиссиясынын жана жутулушунун мамлекеттик инвентаризациясын жүргүзүү; климаттык тобокелдикти жана аялуулугун баалоону жүргүзүүгө багытталган. 

Ошондой эле максаттарын баяндоо менен климаттык каржылоо, каржылоону мобилизациялоо маселелери жана климаттык долбоорлордун тиешелүү маалымат базасын түзүү менен анын кийинки мониторинги киргизилет.

Мыйзам климаттык саясаттын инновациялык, илимий негизин камтыйт (анын ичинде билим потенциалын жогорулатуу), анда байкоо системасынын өзгөчөлүктөрүн, изилдөөлөрдү жана маалыматтарды башкаруу, климаттык технологияларды иштеп чыгуу, ишке ашыруу жана жайылтуу негиздери, ошондой эле илимди, технологияны ишке ашыруу жана инновацияларды колдоо да бар.

Бул багыттын алкагында туруктуу климаттык билим берүү системасын түзүүнүн негизги аспектилери да баяндалган.

Аны менен катар климаттык маалыматка жетүүнүн негизги аспектилерин, климаттык саясатты ишке ашыруу процессине коомчулукту тартуу механизмдерин, эл аралык кызматташтыктын багыттарын баяндоо менен ачык-айкындуулукту жана эл аралык кызматташууну камсыздоо сунушталууда.