"Менин шаарым" тиркемесин адистери VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар үчүн тиркеме түзүштү
"Санариптик технологиялар борбору" МИнин адистери VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкан волонтёрлор үчүн атайын «Volunteer” санариптик тиркеме иштеп чыгышты.
Жаңы сервис ыктыярчылар үчүн ыңгайлуу иш куралы болуп, Оюндар өтүп жаткан мезгилде керектүү маалыматтарды ыкчам алууга жардам берет.
Тиркеме аркылуу ыктыярчылар иш-чара өтүүчү аянтчаларда оңой багыт алып, уюштурулган иштердин программасы, өткөрүү убактысы жана башка маанилүү маалыматтар менен тааныша алышат.
Мындан тышкары, тиркемеде кайрылууларды ыкчам жөнөтүү мүмкүнчүлүгү каралган. Ар кандай кырдаал жаралган учурда кайрылуу тиешелүү кызматтарга жөнөтүлүп, алар тарабынан өз убагында чара көрүүгө жана зарыл жардам көрсөтүүгө шарт түзүлөт.
Мындай жол менен Санариптик сервис ыктыярчылардын ишин натыйжалуу уюштурууга, ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө волонтёрлор менен тиешелүү кызматтардын ортосунда ыкчам байланышты камсыз кылууга багытталган.
