Айбийке: “Эки жолу ракты жеңгенден кийин жашоого болгон көз карашым өзгөрдү”
Айбийке 15 жашында жашоосун түп-тамырынан өзгөрткөн оор сыноого туш болгон. Тактап айтканда, сөөк чучугунун рагына кабылып, эки жолку оор операцияны башынан өткөрдү. Бүгүн ал башынан өткөндөрүн жашырбай айтып, өзүндөй сыноодогу адамдарга моралдык колдоо көрсөтүп келет. «Көрсө, эң чоң байлык – ден соолук, үй-бүлө экен» деген Айбийке үчүн бүгүн ар бир күн, ар бир жылуу сөз жана жакындары менен бир дасторкондо отуруу өзгөчө баалуу.
– Айбийке, сен 15 жашыңдан бери көп чоң адамдар көтөрө албаган сыноону көтөрүп келе жатасың. Мунун баары кантип башталды эле?
– Анда мен 8-класста окучумун. Кышында кол-бутумдун сөөктөрү чымырап ооруй баштады. Волейбол боюнча ийримге барчу элем, көп машыккандан сөөктөргө күч келди го деп ойлодум. Айткандай эле бир нече күн ооруп, андан кийин токтоп калды. Көрсө, ошол менин оорумдун эң биринчи белгилери болгон экен.
– Кийинки симптомдору качан билинди?
– Ошону менен окуу жылы аяктап, жай келди. Каникулдун башталышы менен менде чарчоо, алсыздык пайда болду. Эртең менен турганда эле эс алгандай болбой чарчап турам. Мен бул белгилерге деле маани берген жокмун. Балким ысыктан, же окуудан кийин өзүмдү таштап салып жалкоо болуп кеттим деп божомолдоп койдум өзүмчө эле. Ата-энем деле ошентип ойлошту. Качан гана арыктап баштаганымда ойлоно баштадык. Бул убакта басышым да кыйын боло баштаган. Бир аз бассам эле энтигип, бутумдун ооруганынан бир аз эле аралыкка улам эс алып араң жетип калдым. Ошондо гана анализ тапшыруу үчүн поликлиникага бардык.
– Анализдер дароо эле көрсөттүбү жаман оору экенин?
– Поликлиникадан анемия деп диагноз коюшту. Чындыгында эле каным аябай азайып кеткен экен. Бирок онкологиялык ооруканага да барып текшерилип коюшубузду сунушташыптыр. Ал кезде онкология, рак дегендерди түшүнбөйм, дагы башка ооруканага барат экенбиз деп эле койдум. Жалдагы онкологиялык балдар ооруканасына жаткырышты. Анда деле эч нерсе түшүнгөн жокмун, 3–5 күн жатып чыгып кетем деп ойлогом. Бирок мен үчүн абдан караңгы күндөр башталды. Окуу башталса да мектепке барбайм, сыртта жамгыр, палатанын ичи да караңгы, ата-энемдин маанайлары жок, күнү-түнү ооруканадан кетпей калышты. Менин болсо сөөктөрүм тынымсыз ооруйт, анысы аз келгенсип чачым түшө баштады. Мектептегилер инстаграм аркылуу издеп таап, баары эле ден соолугумду сурап жатышса таң калып койгом. Анан бир курбум “сен рак менен ооруп жаткан турбайсыңбы, мектептин баары билет” дегенде өз оорум тууралуу билдим. Ошондон кийин гана өз алдымча издене баштадым. Интернет аркылуу онкология, рак, химия деген терминдер менен тааныштым.
– Биринчи укканда кандай кабыл алдың?
– Эч кандай паникага түшкөн жокмун. Анткени ата-энеме ансыз деле оор болуп жатканын көрүп атам да. Ага кошумча мен чыргоолонсом эмнеси калат деп аларды аядым. Мага биринчи эле “мен күчтүү болушум керек” деген ой келди.
– Андан ары дарылануу кандай уланды?
– Бул жактан 4 курс химия алганымдан кийин абалым аябай начарлап кетти. Баса албай, тамак иче албай, атүгүл өз алдымча дем ала албай калгам. Бизге атайын иммунитетти түшүрүүчү дары беришет да, бирөө чүчкүрүп койсо эле ооруп калабыз. Пневмония да болуп калып, температурам такыр түшпөй койду. Анан ата-энем түрк дарыгерлери менен сүйлөшүп, эптеп дене табымды эле түшүрүп алышып Антальяга алып кетишти. Дарылануумду ошол жактан улантып, операция болдум. Бир тууган эжем донор болду.
– Оорунун 2-жолу кайталанганын билгениңде кандай абалда болдуң?
– Биринчи операция жеңил эле өтүп, 1,5 жыл ремиссияда жүрдүм. Бул убакыт аралыгында сабактарга эркин катышуу менен мектепке барып-келип, атүгүл модель болуп иштеп жүрдүм. Өлкөбүзгө келген президенттерди аэропорттон тосуп алчубуз. Ошол эле убакта өз маалында Түркияга барып анализ тапшырып турчумун. Бардык эле анализдер жакшы чыгып, бул оорудан кутулдум деп жүргөм. Анан эле... акыркы анализим кескин өзгөрүп кетти. Ал кезде мен 18ге чыгып калгам, ата-энем акчаны кайдан-жайдан таап, ошол эле күнү мага билет алып өзүмдү Түркияга учуруп жиберишти, өздөрү артымдан бармай болду. Ал жактан да оорунун кайталанганы тастыкталып, доктурлар зарыл болгон терапияларды эсептеп, 180 миң доллар каражат кетерин айтканда эмне кылышымды билбей калдым.
– Экинчи жолку бул сыноону кантип жеңдиңер анан?
– Экинчи жолкусу биз үчүн бардык жагынан абдан оор болду. Биринчиден, донор табыш керек эле. Эжем кайра болгонго болбойт дешти. Акчасы да биринчи жолкуга караганда кыйла кымбат эле. Организмим да алсыз. Ушулардын баары аз келгенсип, шылуундарга туш болуп калдык.
– Кантип?
– Түркиядагы дарылануу кымбат экенин уккандан кийин Индияга бармай болуп жөнөп кеттик. Ал жактан операцияга чейинки даярдыктарды көрүп, мени дарылай башташты. Бирок дагы деле донор табылбай жатты. Анан эле бир күнү атамдарга Гүлгаакы деген аял байланышыптыр. Өздөрүнүн эле айылдашы, таанышы экен. Бирок Түркияда жашайт экен. Өзү да онкология менен ооруганын, мамлекеттик оорукана менен сүйлөшүп, палата даярдап койгонун айтып бизди Түркияга чакырыптыр. Донор таап койдум деп атүгүл эки түрктүн паспортун да жибериптир. Донордон көздөрү чачырап, эмне кыларын билбей турган ата-энем Гүлгаакыга ишенишип, биз Индиядан Түркияга учтук. Ал учурда менин анализдерим даяр болуп, тез арада операция болушум керек болуп жаткан. Оюбузда барып эле операция болмокпуз.
– Анан эмне болду?
– Гүлгаакы бизди тосуп алды. Бирок былыктарынын баары кийин чыкты. Ооруканадан орун алып койдум деген, анысы деле жалган экен, донору деле жок. Ошолорго төлөйм деп алган 36 миң доллардын баарын өзүнүн чөнтөгүнө салып алыптыр. Бизди ал жак-бул жакка 2–3 күн сүйрөп жүрүп, бир күнү телефондорун өчүрүп, өзү таптакыр жоголуп кетти. Биз ортодо калдык. Тез арада операция болбосом менде рак клеткалар көбөйүп кетмек. Же акчабыз жок. Ата-энемдин ошондогу абалын эстесем азыр да ыйлап жиберем. Экөө тең калчылдап, эмне кыларын билбей калышты. Атам нерв болуп, ушул күнгө чейин дары ичет. Көрсө, ушундай да акмак адамдар бар экен бул жашоодо.
– Бул кырдаалдан кантип чыктыңар?
– Ата-энем эмне кылышты билбейм, эптеп кырдаалдан чыгып мени жаткырышты. Кудай жалгап эжемди кайра донорлукка жаратышыптыр. Гүлгаакыны болсо Түркиянын милициясына беришкен экен, кармап туруп эле кайра чыгарып жиберишиптир. Кийин Бишкекке келгенде бул жактын милициясына да беришкен. Атамдар айылына туугандарына барса, “кармап алсаң бизге демектен бышырып же” деп коюшуптур. Көрсө, элдин баарын алдаган шылуун экен да ал. Үй-бүлөбүз менен ушундай күндөрдү башыбыздан өткөрдүк. Андан бери 7–8 ай убакыт өттү. Азыр Кудайга шүгүр, баары артта калды.
– Учурда эмне менен алексиң?
– Азыр мен көбүнчө өзүмдү карайм. Тамагымды ылгап жейм, дарыларымды убагында ичем. Күндүн нуруна көп чыкпашым керек. Ошондуктан үйдө отуруп алып блог жүргүзөм. Анда башымдан өткөн окуялардын баарын ачык айтып берем. Өзүмө окшогон оору менен алышып жаткандарга кеңеш берем. Ошол жактан көп досторду таптым. Өзүм ооруканада жатканда моралдык колдоого ушунчалык муктаж болгом. Бугумду ата-энеме, бир туугандарыма айта албайм. Ансыз деле кыйналып турганда андан бетер жүрөктөрүн сыкпайын дейт элем. Ошондой учурда бирөө менен сүйлөшкүм келип курбуларымды чакырсам “акчам жок” деп, же дагы ар кандай шылтоолорду айтып келишчү эмес. “Жолуңа акчаңды мен берейин” деген да күндөрүм болгон. Мендей болбосун деп азыр ооругандарга моралдык колдоо көрсөтөм, буктарын угам... Бирок күндүн ысыгы кайтса иштейм деген пландарым бар.
– Эки жолу ракты жеңгенден кийин жашоого болгон көз карашың кандай өзгөрдү?
– Биринчи кезекте үй-бүлөнүн баалуулугун түшүндүм. Мен эле эмес, үй-бүлөбүз менен ошону түшүнгөндөй болдук. Мен ооруганга чейин анча маани бербеген нерселерибиз азыр биз үчүн абдан баалуу. Биз чоң үй-бүлөбүз. Ата-энемдин алты баласы бар: 4 кыз, эки уул. Мен үчүнчү кызмын. Ата-энем карапайым эле адамдар, атам – прораб, апам – тигүүчү. Үйүбүздү бүтүрөбүз деп ата-энем, эки эжем тытынып иштешчү, бөбөктөрүмдү кароо менин моюнумда эле. Улуулар эрте кетип, кеч келишет, бир дасторкондо отуруп тамактануу, сырдашуу, бири-бирибизге жакшы сөз айтуу деген нерселер дээрлик жок эле. Азыр бизде баары башкача. Ден соолук болсо үй деле бүтөт экен. Чала болсо да үйүбүздү бүтүрүп кирип алганбыз, бирок ушунчалык бактылуубуз. Баскан-турган сайын бири-бирибизден “мен сени жакшы көрөм” деген сөзүбүздү аябайбыз. Азыр менин эң жакын сырдаштарым – апам, эки эжем. Көрсө, эң чоң байлык – ден соолук, үй-бүлө экен. Ошону сөзсүз эле бир сыноодон кийин эмес, дайыма билип жүрөлү дейт элем.
