Мамлекеттик алымды онлайн төлөө: сотко кайрылуу мындан дагы оңой жана ыңгайлуу болуп калды
Сүрөт ачык булактардан алынды
27 август

Мамлекеттик алымды онлайн төлөө: сотко кайрылуу мындан дагы оңой жана ыңгайлуу болуп калды

Кыргыз Республикасында сот тутумун санариптештирүү алкагында жарандар үчүн дагы бир ыңгайлуу кызмат ишке киргизилди.

Эми сот органдарына кайрылууда мамлекеттик алымды банкка барбай жана кезекте турбай эле, үйдөн же каалаган жерден смартфон аркылуу онлайн төлөөгө болот. Алымдын суммасын так жана ыкчам эсептөө үчүн sot.kg порталында атайын онлайн-калькулятор иштейт.

Аталган сервис арыздын же доо арыздын категориясына жараша төлөнүүчү каражаттын суммасын эсептеп берет.

Төлөмдү аткаруу үчүн жарандар sot.kg порталындагы калькулятор аркылуу алымдын суммасын эсептеп чыгышы керек. Андан соң «Түндүк» улуттук тиркемесинде же мамлекеттик кызматтар тутумундагы «Алымды төлөө» бөлүмүндө банк тиркемеси аркылуу «Төлөө» баскычын басардан мурда аты-жөнүн, реквизиттерди жана сумманы кылдат текшерүү зарыл. Каражат эсептен чыгарылып, төлөмдүн статусу «Төлөндү» деп өзгөргөндөн кийин гана транзакция ийгиликтүү аткарылды деп эсептелет.

Сот тутумуна санариптик чечимдерди киргизүү — жарандардын убактысын үнөмдөөгө, сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана ачык-айкындуулукту камсыз кылууга багытталган.