Кочкор районунда жер мунапысы боюнча мыйзам бузуу аныкталды
Сүрөт ачык булактардан алынды
27 август

Кочкор районунда жер мунапысы боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Кочкор районунда жер мунапысы боюнча мыйзам бузуу аныкталды, деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жер мунапысын ишке ашыруунун алкагында, бул жааттагы мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, 2023-жылы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери Ак-Кыя айылынын тургундары М.О. жана М.С. аттуу жарандарга турак жай куруу үчүн 0,7 га жайыт жер тилкелерин мыйзамсыз жеке менчикке бөлүп беришкендиги аныкталган.

Жогорудагы факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.