Ала-Бука–Караван автомобиль жолунун 7 чакырымына асфальт төшөлүүдө
Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука–Караван автомобиль жолунда эки тараптуу асфальт төшөө иштери кызуу уланууда.
2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 7 чакырым тилкесин асфальттоо каралган.
Учурда №17 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан иштер белгиленген графикке ылайык аткарылууда.
Бул жолдун оңдолушу менен аймактагы калктын каттамы жеңилдеп, жол жүрүү коопсуздугу жогорулайт.
Жол куруу жана оңдоо иштери министрликтин көзөмөлүндө.
