Бишкек шаарынын мэри жол түйүнүнүн курулушун жана жылуулук тармактарын реконструкциялоонун жүрүшүн текшерди
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Шабдан Баатыр көчөсү (мурдагы Лев Толстой көчөсү) менен Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) кесилишиндеги жол түйүнүнүн курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Учурда объектте жол өтмөктөрүнүн ригелдерин орнотуу иштери жүргүзүлүп, көпүрө курулмаларын куруу уланууда.
Шаар башчысы ошондой эле Фрунзе көчөсүнүн тилкесиндеги жылуулук тармактарын реконструкциялоо иштеринин жүрүшүн текшерди.
Учурда жылуулук тармактарындагы иштер аяктагандан кийин жолдун үстүнкү катмарын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Тилкенин 98 пайызында кайра көмүү иштери аяктады. Топуракты тыгыздоо жана жолдун негизин кийинки асфальт төшөөгө даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле жылуулук камераларынын капталдарын бекемдөө иштери аткарылууда.
Шаар башчысы тилкеде аныкталган кемчиликтерди жоюуну, ага чектеш аймактарды талаптагыдай абалга келтирүүнү, ошондой эле жашыл бак-дарактарды сугарууну күчөтүүнү тапшырды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев эки объектте тең иштердин темпин күчөтүүнү жана аткарылып жаткан иштердин сапатын камсыз кылууну тапшырды.
