Акыркы 70 жылда Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16%га кыскарды
13 ноябрь

Акыркы 70 жылда Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16%га кыскарды

Акыркы 70 жылда Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16%га кыскарды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясынын Жогорку деңгээлдеги сегментинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди. 

Анын айтымына караганда, ал эми айрым аймактарда дээрлик бардык мөңгүлөр жок болуп кеткен.

"2100-жылга карата мөңгүлөрдүн жарымынан көбүн жоготуп алышыбыз мүмкүн. Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү маселесинин маанилүүлүгүн эске алып, БУУнун Башкы Ассамблеясы биздин демилгебиз менен 77-сессиясында "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү" резолюциясын кабыл алып, анын алкагында 2023-2027-жылдар Тоо аймактарын өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланды", - деп, катышуучуларды "Тоолуу беш жылдыктын" жыйынтыгын чыгара турган 2027-жылы Кыргызстандагы Бишкек+25 Экинчи Глобалдык Тоо саммитине чакырды.