Талас облусунда 100 гектар аянтка 88 миң көчөт отургузулат
президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү
30 апрель

Талас облусунда 100 гектар аянтка 88 миң көчөт отургузулат

Талас районунун Талды-Булак айылындагы Чоң-Кошой өзөнүнүн 100 гектар аянтына 88 миң көчөт отургузуу жараяны 29-апрелде башталды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлү Эрмат Жумаев билдирди. 

Көчөттөр "Жашыл Мурас" улуттук компаниясынын алкагында отургузулат.

Бул демилге жаратылышты коргоого, жашыл аянттарды көбөйтүүгө жана келечек муунга таза экологиялык мурас калтырууга багытталган.

"Бардык облустук мекемелердин кызматкерлери, ыктыярчылар, экологдор жана жөнөкөй активист жарандарыбыз Талды-Булак айылындагы Чоң-Кошой өзөнүнө келип, тянь-шань карагайларын отургузуп, келечек муундарга жашыл мурас калтырууга жана экологияны жакшыртууга салым кошуу максатында биргеликте көчөттөрдү отургуздук. “Жашыл Мурас” кампаниясына бүгүнкү күндө 500 адам ыктыярчы катары катышып, мекенибиздин бир бөлүгүн жашылдандырууга болгон күч-аракетин жумшады. Мындай демилгени колдогон ар бир мекендешибизге ыраазычылык билдиребиз”, — деди облус башчысы.