Кыргызстанда жарым жылда 3,5 млн көчөт отургузулду
Сүрөт ачык булактардан алынды
30 июль

Кыргызстанда жарым жылда 3,5 млн көчөт отургузулду

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанда 3 млн 579 миңден ашуун көчөт отургузулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин коллегиясынын жыйынында маалымдалды.

Көчөт отургузуу иштери аймактарды жашылдандыруу, токой ресурстарын калыбына келтирүү жана экологиялык абалды жакшыртуу боюнча иш-чаралардын алкагында жүргүзүлгөн.

Министрликтен билдиришкендей, жылдын экинчи жарымында да жаратылыш ресурстарын коргоо жана калыбына келтирүү боюнча иштер улантылат.

Жыйындын жүрүшүндө министрликтин аймактык жана карамагындагы бөлүмдөрүнүн жетишкен көрсөткүчтөрү талданып, алдыдагы ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттары аныкталды.